Автобус Менен Жүк Ташуучу Унаа Кагышып, 36 Киши Мерт Болду.

Кытайда 69 жүргүнчү менен бараткан автобус каршы тилкеге чыгып кетип, жүк ташуучу автоунаа менен кагышкан.

Кытайда болгон жол кырсыгынан 36 киши каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн ЖМКлары жазды.

​Ага ылайык, жол кырсыгы 29-сентябрда Кытайдын чыгышындагы Цзянсу провинциясында болгон. Анда 69 жүргүнчү менен кетип бараткан автобус каршы тилкеге чыгып жүк ташуучу автоунаа менен кагышкан. Анын кесепетинен 36 киши каза болуп, дагы ошончо киши түрдүү жаракаттарды алган. Тогуз кишинин абалы өтө оор.

Алдын ала маалымат боюнча, автобустун дөңгөлөгү жарылып, каршы тилкеге чыгып кеткен.

Дата: 01-10-2019
Жазуучу: Редакция ЦЭМ
103 видео вызов