Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 5-Декабрда, Бишкек Шаарындагы Тез Жардам Борборуна Барды.
Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы Тез жардам борборуна барып, тез жардам унааларын, Борбордун капиталдуу ремонт жасалган имаратын көрүп чыгып, санариптештирүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар менен таанышты. ТЖБнун директору Искендер Шаяхметов тез жардам бригадаларынын ишин оптимизациялоо жана оперативдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жаңы автоматташтырылган башкаруу системасы ишке киргизилгенин маалымдады.
Чакыруу келип түшкөндө тез жардам бригадасынын жүргөн жерине онлайн-режимде байкоо жүргүзүлүп, ал дарекке эң жакын жана бош бригада жөнөтүлөт. Ошондой эле борбор калаадагы бардык тез жардам бригадаларынын кыймыл-аракети көрүнүп турат.
Искендер Шаяхметов бул долбоорду ишке ашыруу диспетчерлердин чакырууларды карап чыгуу мөөнөтүн кыскартып (чакырууну кабыл алуудан бригаданын жөнөп кетүүсүнө чейин), бригаданын жолдо жүрүү убактысын кыскартты. Булардын баары чакырылган жерге кечигип барууну төмөндөттү. Эгерде 2017-жылы 20 минуттан көп кечигүү менен барган учур 70% түзсө, 2019-жылдын 6 айында бул көрсөткүч 21%га кыскарган.
Бул системаны киргизүүдө чет өлкөлөрдүн алдыңкы тажрыйбалары изилденгенин кошумчалады. Система биринчи кезекте, медициналык тез жардамдын кечигип келүүсүнөн улам болгон өлүм жана оор кесепеттер менен аяктаган учурларды төмөндөтүүгө багытталган. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Дастан Догоев мамлекеттик органдарга, анын ичинде медицина тармагына электрондук мамлекеттик кызматты жана санариптик кызмат көрсөтүүнү киргизүү боюнча маалымат берди.
Президент Сооронбай Жээнбеков санариптештирүү процессин медицина тармагында өлкөнүн региондорунда да тездетүүнүн маанисин өзгөчө белгиледи, анткени жарандардын жашоосуна жана ден соолугуна түздөн-түз таасир берип, калкка натыйжалуу медициналык кызмат көрсөтүүгө, бейтаптардын жана дарыгерлердин убактысын үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.
Ошондой эле медициналык тейлөөнү автоматташтыруу медицинадагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюп, көмүскө төлөмдөрдү мыйзамдаштырат жана тармактын жалпысынан тазалыгын жогорулатат.
Сооронбай Жээнбеков санариптештирүүнүн алкагында дарыгерлерди окутуу жана квалификациясын жогорулатууга көңүл бурду.
Мамлекет башчысы медициналык мекемелердин жамааттарына ыраазычылык билдирди. Калкка медициналык жардам көрсөтүү, адамдардын өмүрүн куткаруу эң мыкты кесип экенин өзгөчө белгилеп, кургак учукка каршы кызматтын жана тез жардам станцияларынын жумушчуларына айлык акыларды жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү каралып жатканын кошумчалады.